Эртеӊ нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөйт

Автор -
313

11-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Бишкекте 11-июнда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 23…25 градуска чейин жогору болот.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ Кыргызстандын аймагында 12-июнга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат деп билдирген.

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты