Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү 2 күнгө жабылат

Автор -

Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектиси менен Жаш Гвардия көчөсүнүн кесилишкен жери 2 күнгө жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа жолу 10-11-июнда оңдоо үчүн жабык болот.

Андыктан, калаа бийлиги айдоочулардан бир жакка барарда маршрутту алдын ала тандап алууну суранат.

Бөлүшүү