«Тез жардам» кызматына 6 жаӊы унаа сатылып алынды

Автор -

Бишкек шаардык муниципалитет «Тез жардам» кызматына 6 унаа сатып алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Тез жардам» унаалары башкаруу балансына өткөрүлүп берилет.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]»6 «Тез жардам» унаасы тендердин негизинде сатылып алынды. Андан тышкары, сүт азыктарын ташуучу унааларды да сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Унааларга жумшалган жалпы каражат 10 миллион 980 миң сомду түздү. Буга каражат шаардык казынадан бөлүндү»[/ads-quote-center]

Маалым болгондой, муниципалитеттин балансында 93 «Тез жардам» унаасы болсо, анын ичинен 44 унаа эксплуатацияга жарабай калган.