Ала-Бука чек ара отрядынан качкан жоокер кармалды

Автор -

Ала-Бука чек ара отрядынан качкан жоокер кармалды. Бул кабарды Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жоокер аскер бөлүктү таштап качып баратканда кармалып, аскер бөлүгүнө кайра жеткирилген.

Учурда аскер кызматкеринин чек ара бөлүгүн эмне себептен таштап кетүүгө аракеттенгени аныкталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү