Чатырда окуп жаткан окуучулар мектеп имаратына киргизилди

Автор -
307

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагындагы Ажек орто мектебинде чатырда окуп жаткан 113 окуучу имаратына киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, балдар кыштын күнүндө сабактан эрте чыгуусу үчүн алар чатырда окутуп жүрүшкөн. Бул жергиликтүү бийликтин демилгеси болгон. Министрлик тарабынан райондук билим берүү бөлүмүнө окуучулардын окуу программасын чатырда окубагандай кылып өзгөртүү тапшырылды.

Ошондой эле Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине аталган айылга жаңы мектеп курууну 2019-жылдын титулдук тизмесине киргизүүнү сунуш кылды.

Бөлүшүү