Чет өлкөлүк жарандарды каракташкан кылмыштуу топ кармалды арасында 25 жаштагы кыз бар

Автор -
300

Чет өлкөлүк жарандарды каракташкан кылмыштуу топ кармалды. Кармалгандардын үчөөсү эркек, бирөөсү кыз киши.

2-июнунда Индиянын жарандарына каракчылык жасалган. Болжол менен саат 21:00 чамасында азият түспөлүндөгү белгисиз беш адам Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан батирге кирип келишип, Индиянын жараны, 2000-жылы туулган К.А. аттуунун денесине жаракаттарды келтиришип, 9 000 сомун, төрт баалуу уюлдук телефонун, принтерин тартып алышып, издерин жашырып качып кетишкен. Аталган факты Биринчи май РИИБге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Каракчылык) менен КЖБРге катталган.

Ушундай кол салуулар бир күн өткөндөн кийин 3-июнда Бишкекте катталган. Кылмышкерлер жоопкерчиликке тартылбай тургандыгын сезишип, бул жолу өзгөчө оройлук менен кол салышкан. Болжол менен саат 03:00 чамасында азият түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы беш белгисиз адам тапанча жана бычактар менен куралданып, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кылмышкерлер Пакистандын беш студентинин денесине кол салышып, 1 500 АКШ долларын, андан сырткары бир нече уюлдук телефондорун ээлеп алышкан.

Аталган факты КЖБРге катталып, Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмү (Каракчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Ушул жылдын 8-июнунда болжол менен саат 23:15 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарында спорттук кийимчен, медициналык бет капчан чымыр денелүү белгисиз төрт адам бычак менен куралданышып, Пакистандын жарандары жашаган батирге кирип барышкан. Чет өлкөлүк жарандардын денесине жаракаттарды келтирип, 2 700 АКШ долларын жана эки уюлдук телефонун тартып алышкан.

Аталган факты КЖБРге катталып, Ысык-Ата РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмү (Каракчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек ШИИББдин, Свердлов РИИБдин жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери менен бирдикте чет өлкөлүк жарандарды карактоонун бетин ачуу боюнча жүргүзүшкөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган. Аныкталган маалымат боюнча кылмыштуу топтун мүчөлөрү мурда соттолгондордон турат жана бир нече ай мурда жаза мөөнөтүн өтөө жайынан бошотулушкан. Ар бир жасаган кылмыш иштерин алар дыкаттык менен пландашып, бет капчан кылмыштарды жасап жүрүшкөн. Жабырлануучулардын батиринин эшиктерин каккылашып, кылмышкерлер өздөрүн сантехник же коңшусу катары тааныштырышып, андан соң аларды уруп-сабашып, байлашып, акча каражаттары менен уюлдук телефондорун тартып алышкан.

Азыркы учурда алардын жогорудагыдай башка кылмыш иштерин жасагандыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат. Кылмыштуу топту кармоо боюнча операция Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 9-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын аймагында жүргүзүлгөн. Тонолгон акчаларга алар эс алууну чечишкен, бирок бул кылмыштуу ойлору ишке ашкан жок.

Жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелип кылмыштуу топтун төмөнкү мүчөлөрү кармалды:

— Ош облусунун тургуну, 1994-жылы туулган Х.Д. аттуу жаран, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренеси (уурулук) боюнча соттолгон;

— Бишкек шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган З.Д. аттуу жаран, Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренеси (уурулук) боюнча соттолгон;

— Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну, 1996-жылы туулган А.у.А. аттуу жаран, мурда уурулук боюнча соттолгон;

— Чүй облусунун тургуну (кыз киши), 1994-жылы туулган Т.К. аттуу жаран, Бишкек шаарында жашап жүргөн, мурда бейбаштык боюнча соттолгон.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка жарандарды дагы кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.