Оштогу парктагы тепкичтерди унаасы менен талкалаган жигит чыгымды төлөп берет (Видео)

Автор -

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багынын жөө адамдар жүрүүчү тепкичтери менен унаасын айдап түшкөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, парктагы видеокөзөмөл камерасына түшүп калган бул окуя 9-июндан 10-июнга караган түнү болгон. Видео аркылуу издөө жүргүзүлүп, натыйжада айдоочу 1998-жылы туулган Кара-Суу районунун Б. К. аттуу тургуну экени аныкталган.

Айдоочу сурак учурунда «Жолдон адашып кирип кеттим», — деп түшүндүрмө берген. Ошондой эле, келтирилген чыгымдарды төлөп бере тургандыгын айтып, шаар тургундарынан кечирим сураган.

Учурда келтирилген чыгымдар аныкталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү