Бишкектин айрым райондорунда 5 күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 17нен 21-июнга чейин төмөнкү даректердеги 10 миң абоненттин жаратылыш газы өчүрүлөт: Лев Толстой, Киров, Новопавловка айылы, Чоң Чүй каналы, Ала-Арча.
Мындай аракеттер оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалууда.