Кылмыш козголгон Капалов “Майлуу”кызматка келди. Президент билеби?

Автор -
502

Ибраимовдун ордуна Сот департаментинин директору болуп Капалов Кубанычбек дайындалды. Бул адамдын эмгек жолу 2005-жылы башталган. 2014-жылга чейин университеттерде окутуучулук кызматтарда иштеген. 2014-жылы Сот департаментинин Ош облусундагы башкармалыгында башкы адис, ошол эле жылы аталган департаменттин Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

2016-жылы апрель айында Сот департаментинин Чүй облусундагы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган, ошол эле жылы ноябрь айынан бери Жалал-Абад облусундагы башкармалыктын башчысы болуп иштеп жаткан. Аны бул кызматка Жогорку соттун терайымы Гулбара Калиева ѳзү сүрѳп, алып келгени айтылууда. Бирок иттин ѳлүгү мына ушул дайындоодо жатат. Эмнеге дегенде Капаловго Таласта иштеп турганда Кылмыш жаза кодексинин 304, 306-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Мамлекетке келтирилген чыгым 1 миллион 288 миң сомдун тегерегинде болгон. Бул кылмыш иши Башкы прокуратуранын кѳзѳмѳлүндѳ. Эми бул кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу окурмандарга айта кетели. Капалов 2014-жылдын ноябрь айында Талас областтык райондор аралык сотунун имаратын капиталдык ремонт кылууга тендер жарыялаган. Ал тендерге катышкан «Бакыт» курулуш фирмасы 4 млн. 412 миң сом сунуштаган. Ал эми «Таштан» курулуш фирмасы болсо 5 млн. 700 миң сом сунуштап, тендердин жеңүүчүсү болуп чыккан. Ошондо жогоруда айткандай мамлекетке келтирилген чыгым 1 млн. 288 миң сом. Бирок арадан 5 жылдай убакыт ѳтсѳ да, Капалов эч бир күнѳѳсү жок адамдай кызматтан кызматка кѳтѳрүлүп келет.

 Ошондо ага козголгон кылмыш иши жең ичинен кыскарып кеткенби, же сары майдай сакталып, сүрсүп, токтотулуп турабы? Бул маселеге Башкы прокуратура кандай жооп берет?

Андыктан укук коргоо органдары Капаловдун кандай былыктары болсо, ошонун баарын катпай ачыктап, болгонун болгондой кылып маалымат бериши керек. Негизи, тѳрайым Калиева Сот департаментине кимди алып келгенин, анын иштеген иштеринде кандай кемчиликтер болгонун, жогоруда айтылган маалыматтардын калк арасында калкып жүргѳнүн билеби? Же билип туруп, эле дайындап салдыбы? Балким, ортодо башка бир кызыкчылыктар да бар болуп жүрбѳсүн? Баарынан кызыгы, сот системасын ѳзү кѳзѳмѳлдѳп, реформа жүргүзүп жаткан президент Жээнбековго ушул маалыматтар жетеби? Же Калиева баш болгон жан-жѳкѳрлѳр президентти элге уят кылып, аброюн азайтууга аракет жасап жатышабы? Айтор, кап-салаңдуу Капаловдун «кара жолго» баскан кадамдары менен ал жолдон «эч булганбай» чыгып кетүү амалдары тыкыр текшерүүгѳ алынышы зарыл. Болбосо, бул кадр деле Рустам Ибраимовдун жасаган жаман иштерин улантпайт деп ким кепилдик берет. Албетте, эч ким кепилдик бере албайт… Биз бул маселенин чоо-жайын дагы да иликтеп жазып турмакчыбыз.

Булак: «Багыт.kg» гезити. №21 (142). 12-июнь, 2019-жыл.