ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги жабыла турган көчөлөрдүн тизмеси чыкты

Автор -

Эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүү маалында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында транспорт каражаттарына убактылуу чектөөлөр коюлат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 12-июнунан 14-июнуна чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында ШКУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында транспорт каражаттарына төмөнкү каттамдар боюнча чектөөлөр киргизилген.

Делегациялар келген убакта төмөнкү жолдордо чектөөлөр коюлат.

— “Манас” аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек-Жолу пропектисине чейин;
— Жибек-Жолу проспектисинен М. Гвардия бульварына чейин;
— М. Гвардия бульварынан Чүй проспектисине чейин;
— Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч. Айтматов проспектилеринен Мамлекеттик резиденцияга чейин.

ИИМ жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен кабыл алууларына ишеним артат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү