Монголиянын Президенти Кыргызстанга келди

Автор -
286

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Монголиянын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Расмий сапарынын алкагында Халтмаагийн Баттулга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Монголиянын Президенти ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Монголиянын Президентинин Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Монголиянын Президентинин катышуусунда Кыргыз Республикасындагы Монголиянын Элчилигинин ачылышы өтөт.

Халтмаагийн Баттулга расмий сапарынын алкагында комплекс «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине бармакчы.

Бөлүшүү