Бүгүн Бишкекте ШКУнун Жаштар кеңешинин XII жыйыны өтөт

Автор -

Бишкек шаарында бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жаштар кеңешинин XII жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын күн тартибинде уюмдун алкагындагы өз ара кызматташтыкты талкуулоо жана 2019-2020-жылдарга карата артыкчылыктуу пландар каралат.

Алдыдагы кеңештин ишине Казакстан, КЭР, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Кыргызстан, Монголия жана Азербайжандын өкүлдөрү катышат.

Белгилей кетсек, ШКУнун Жаштар кеңешинин жыйыны ШКУнун башкы катчысы Владимир Норовдун катышуусунда өтөт.