Биз чимкирик эмеспиз, биз элитабыз…

Автор -
216

Айттан кийин аймактарды кыдырып, шайлоочулары менен жолугyшуп келген депутаттар жалпы жыйынды «чү» дегенде эле экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесинен башташты. Катyу даярданып келишиптир, 5-10 мүнѳттѳн убакыт алып, борбордук трибунадан сѳз башташты. Негизинен, билдирүүлѳрү аларды «чимкирик» деп атаганы үчүн эмес, Атамбаевдин президентке ѳтѳ катуу сѳздѳрдү айтканы үчүн болгонун баардык эл түшүнүп турду.

«Биз чимкирик эмеспиз, биз элитабыз». Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттарды экинчи жолу «чимкирик» дегeн сѳзүнѳ айрым депутаттар ушинтип жооп беришти. «Чимкирик» аталганына нааразы болгон депутаттар экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу демилгесин кѳтѳрѳ калышында мандем бар экени дагы сыр болбой калды. Атамбаевди кол тийбестиктeн ажыратууга башкы себеп «чимкирик» деп ат коюу жана тынч жатпай улам-улам катуу билдирүүлѳрдү таратып жатышы экен. Логика кайда?

Депутат Алмамбет Шыкмаматов «чимкирик» деген сѳз үчүн кол тийбестикти алабыз» деген акыл-га сыйбаган иш экенин айтты. Ооба, Атамбаевдин кылмыштары жок эмес. Ал репрессия кылган адамдар азыр да акталбай, түрмѳдѳ жатышат. Бирок, ал бийликтен кеткенден бери 1,5 жыл ѳттү. Бийлик алмашты, бирок, акыйкаттык орной электигин айткандар ошол эле парламенттегилер. Депутаттар «Атамбаевге жооп беребиз» деп атышып, ѳз абийирлерин ачып алышты. Атамбаев бийликте турган учурда ага каяша, каршы сѳз айтканды кой, «Атамбаев — улут атасы, журт атасы» деп жүргѳндѳр коомчулуктун гана эмес, депутаттардын да сынына кабылды.

Баарынан да тѳрага Дастан Жумабековдун эмоционалдуу билдирүүсү «жарды».Атамбаев депутаттарды мурунку жолу «чимкирик» дегенде, тѳрага ага жооп кайтарган. Анан Атамбаев жѳн калабы, «мага акыл айтканды коюп, чимкиригиңди тартып, катты туура жазып ал» деген. Ошонусу ага катуу тийген белем, спикерлигинен пайдаланып, борбордук трибунага чыгып, «буркан-шаркан» түшүп, айтчусун айтып алды. Ѳздѳрүнүн «чимкирик» экенин моюндагандар да бар. Атамбаев кезинде баарынын тагдырын чеччү. Азыркы ѳктѳм сүйлѳп жаткандар анын бийлигинин тушунда жѳрмѳлѳшчү. Муну мен эмес, саясатчылар ѳздѳрү айтып жатышат. Жадагалса Атамбаев азыркы чакырылыштагы парламентке келген партиялардын тизмесин бекиткенин Курманкул Зулушев ачыктап жиберди.

«2015-жылы парламенттик шайлоо алдында «Ата Мекен» партиясынан сырткары, беш партиянын тең тизмесин Алмазбек Атамбаев түзгѳн» десе, Алтынбек Сулайманов «Шадиев, Чудинов баштаган депутаттарды ѳзүм түзгѳм» деп актанып алды. Эмнесин айтасыз, «элита» депутаттар бийликтин жетегинен чыкпай, 7-кабаттын кѳрсѳтмѳсүн аткарганы калбаптыр. Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу демилгесин 40 депутат колдоп берди. Атамбаев бийликте турганда «кың» деп үн ката албаган, эми «чимкирик» деген сѳзүнѳ теригип жаткан депутаттар президент Жээнбековдун тушунда «чимкирик» эмес экенин далилдей алар бекен?..

Булак: «АЗИЯ news» гезити. №23 (310). 13-июнь, 2019-жыл.

Бөлүшүү