Илмияновдун камакта экени чынбы?

Автор -
Сүрөт: barakelde.org

Ыӊ-жыӊы жок болгон Икрамжан Илмияновдун камакта жатканына ишенбегендер да чыга баштаганы ырас. Анткени былтыр күздөн бери жалгыз камералык «люкста» жаткан кишиден түк кабар жок. Жактоочусу ким экенин деле билбейбиз. Чамасы ага жактоочулук милдетти бийликтеги»көмүскө генералдар»аткарьш жатса керек. Себеби «шопур» деген каймана атка конгон бул мырзанын ичинде сактаган далай урунттуу сырлары бар. Анткени анын аракетисиз үлкөн «операциялар» жүзөгө ашырылмак эмес.

Демек, ал лөктөргө коркунуч келтириши ыктымал. Ошентсе да Икрамжанга карата түзүлгөн шарт жаман эмес экенин эшитип калып жатабыз. Тамактан, дары-дармектен кыйналбай эле жатышына ишенебиз. Керек болсо каалаган тамактарын ресторандан жасап келип, алтын аякка куйуп беришери да белгилүү. Капчыгы томпойгондор түрмөдө деле кадырлуу, туурабы? Андай экенин Нариман Түлеев деле тастыктап бербеди беле? Болгону жалгыздыктан кабагы бүркөлүп жатса керек деген ой жаралат. Ким билет, балким жадырап жайнабаса да, жаркөптөй кайнабаса да ошого окшошуп тургандыр…

Булак: «Ачык сөз» гезити. №22 (163). 13-июнь, 2019-жыл.