Ташиев: Батукаевди чыгарыш үчүн бизди камап, оппозициялык талааны тазалашкан!

Автор -

Кта-Мекен» партиясынын абактагы лидери Ѳмүрбек Текебаев ѳзүнүн кѳздѳй кадры Аида Салянованы жактап, анын камалышын саясий куугунтукка байлап, мыйзам бузулганын жар салууда. Ѳлкѳдѳ болуп жаткан коомдук-саясий окуяларга кѳзү ачыктык кылып, оңду-солду маек берүү менен кескин ылдый түшүп кеткен рейтингин кѳтѳрүүгѳ аракет жасап жатканы менен, анын жомокторун эч ким деле ишенбей калды.

Текебаев «Салянованы камаганда мыйзам бузулду»- дейт. Ага кѳрсѳ, экс-башпрокурор катары сылык-сыпаа мамиле кылуу керек имиш. Кыргыз элин тебелеп-тепсеп кеткен кримтѳбѳлдү чыгарып ийген кылмышы үчүн Текебаевдин логикасы боюнча Саляновага медаль бериш керекпи?

Текебаевдин бул айткандары, Салянованын камалыш туурaлуу биз «Ата-Журт» саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге байланышып, ойлорун угуп кѳрдүк. — Ѳмүрбек Текебаевдин комментарийин мен да окудум.

Мынчалык эки жүздүүлүктү мен такыр кѳргѳн эмесмин,- дейт Камчыбек Кыдыршаевич. — Ошончолук мыйзамды сыйлаган адам экен, анда эмнеге ал учурунда Аида Салянова мыйзамдарды тебелеп-тепсѳѳ менен Жогорку Кеңештин депутаттарын камап жатканда унчуккан эмес! 2012-жылы мени, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду камап жатканда ѳзү дагы депутат болуп турган. Ошол кезде мыйзам одоно бузулганын билген. Себеби, «Жогорку Кеңешин депутатынын статусу» жѳнүндѳ мыйзамдын 28-беренесинде: «ЖК депутатына карата кылмыш ишин Башкы прокурор гана козгой алат»- деп бадырайта жазылып турат. Ошого карабастан, биздин үстүбүздѳн кылмыш ишин ошол кезде Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев ачкан. Кийин биз сураганда Салянова: «мен аны командировкага жүргѳндүктѳн,башпрокурордун милдетин аткаруучу кылып дайындап кеткем»- деп жооп берген.

Бирок, мыйзам боюнча анын ѳз ордуна милдетин аткаруучу дайындоого укугу жок. Башкы прокурордун милдетин аткаруучуну дайындоо президенттин ыйгарым укуктарына кирет. Ошондой болгон күндѳ да, так белгилеп кетүүчү нерсе — башкы прокурордун милдетин аткаруучунун дагы Жогорку Кеңештин депутатына иш козгоого укугу жок. Мыйзамды бул так кѳрсѳтүлүп турат. Андыктан, Аида Салянова ѳзү учурунда мыйзамсыздыкты жайылтып жүргѳн деп айтсак калп болбойт. Бизден кийин да канчалаган «Ата-Журттун» депутаттарын ушинтип мыйзамсыз каматып, куугунтукка алды. Камчыбек Кыдыршаевичтин айтымында, Текебаев Салянованын мыйзамсыздыктарын колдогон: «Кийин маек берип, ачык эле «ата-журтчуларды» талкалап жок кылуу багытында план түзүшкѳнүн айтып берди.

Алмазбек Атамбаевге кеңешин берип, жардам берген. Аида Салянова аткаруучу болуп жүрдү. Эми бүгүн Аида Салянова ошол мыйзамсыз иштери үчүн жазага тартылышы керек. Мурда башпрокурор болуп турган кишини жѳн эле камап коё албайт.

Демек, аны камакка алуу үчүн жетиштүү далилдер топтолгон. Менин оюмча, кечээ чоң мыйзамсыздыктарга жол берген эски режимдин калдыктарынын ишине бүгүнкү бийлик эң туура баа берип жатат. А Текебаев дагы бир жолу айтам, жѳѳ жомоктору менен элди алдай албайт. Анын бир гана максаты бар — үзѳңгүлѳшү Салянованы сактап калуу. Бирок, буга эл ишенбейт. Ал татыктуу жазасын алуусу тийиш».

[ads-quote-center cite=’деп жыйынтыктады ѳз сѳзүн  Камчыбек Ташиев.’] «Азиз Батукаевди чыгарууга булар кантип батынышты? Анын жандырмагы жѳпжѳнѳкѳй. Ошол кезде негизги оппозициялык күч биз болгонбуз. Баарын ачык айтып, бийликтин үшүн алып турганбыз. 2012-жылы октябрда ошондуктан бизди мыйзамсыз жол менен камап, оппозициялык талааны тазалашты да, 2013-жылы Батукаевди акчасын алышып, кызыл килем менен узатышты. Эгерде биз парламентте ошол учурда турганыбызда, Буга жол бермек эмеспиз. Салянова да, Атамбаев да мунун баарын жакшы билген. Булардын кылган иши шермендечилик. Кыргыздардын кулагын кесип мазактаган адамды сый-урмат менен узатканы үчүн эч бир кечирим болушу керек эмес»[/ads-quote-center]

Булак: «Майдан.kg» гезити. №22 (406) 12.06.2019