Батукаевди аэропорттон узаткан депутаттардын жүзү качан ачылат?

Автор -
209

Коомчулуктун бүйүрүн Азиз Батукаевдин иши эмне менен аяктары кызытып турган чак. Эми ким камалат, кимге кезек келди деген эле кеп жаралып калды. Аида Салянова менен Шамиль Атахановдун камалышы коомчулук үчүн күтүүсүз болгонун да айтыш керек. Булар камалат деп кѳпчүлүк ойлогон эмес.

Азиз Батукаев ѳлкѳдѳн чыгып кеткенде эле ошол кезде депутат болуп олтургандар, аны аэропорттон узатканы барышкан деген кеп тараган. Кайсыл депутаттар барганы бүгүнкү күнгѳ чейин ачыкталбай келүүде. Эми иш кызуу жүрүп жатканда, кимдер барганын, эмне үчүн барганын тергѳѳ аныкташы керек.

Феликс Кулов, Хаджимурат Коркмазов, Игорь Гусаров үчѳѳ барышкан деп айтылып жүрѳт. Буларды дагы тергѳѳ суракка чакырып, айтылган сѳздѳрдүн чын-тѳгүнүн аныктап коюшу зарыл. Болбосо сѳздѳр кѳбѳйүп кете турган болду.