Бишкектин айрым райондорунда 4 күн бою жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаратылыш газы өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:
— 17-21-июнда Бишкек шаарынын М. Джалиля, Чебоксарская көчөсүндө;
— 19-20-июнда Маевка айылынын Южная көчөсүндө;
— 19-20- июнда Бишкек шаарынын 7 апрел – Ахунбаева көчөлөрүндө;
— 17-19-июнда Аламедин айылынын МТФ районунда;
— 18-19-июнда Кадамжай шаарында;
— 21- июнда саат 9:00 -17:00 чейин Айдаркен айылында.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.