Ѳкмѳт күзгѳ чейин ордунда калса, саясый кырдаал курчуйт

Автор -

Ѳкмѳттѳ жаңы идея, жаратмандык жок. ЖМКларда, соцтармактарда кандай кыйкырыктар болсо, ошого жараша түздѳнүп коюп отyрат. Буга чейин инвестиция тартууга, жумушчу орундарын түзүүгѳ жарабай турганын кѳрсѳткѳн. Орой айтканда, «шалтyрук» образда…

Негизи Мухамметкалый Абылгазиевди бажасы Иманкадыр Рысалиевдин чуулганы менен кызматтан айдаш керек болчу. Эгерде ѳнүккѳн, алдыга умтулган ѳлкѳлѳрдѳ мындай ээнбаштык болгондо, кызматтан кетүү аздык кылмак, кылмыш жоопкерчилигине тартылышмак да.

Бизде «ѳз киши» деген ит оорунун айынан «жабылуу аяк жыбылуу» бойдон калууда. Бирок, моралдык жагын ойлогон элита ѳкмѳт башчынын кызматтан кете турганын боолголоп калышты. Сыягы, саналуу күндѳрдѳн кийин ШОС иш-чарасы Бишкекте ѳтүп бүтсѳ, андан соң Абылгазиевдин ээрге жармашып калышы кечиримсиз. Негизи иш жүзүндѳ, депутаттар каникулга кеткенче                    премьер-министрдин тагдырын чечиши шарт. Эгерде күзгѳ чейин ушул «ѳлүмтүк» ѳкмѳт калып калса, анда саясый кырдаал кескин түрдѳ начарлап кетет. Экономикалык-социалдык абалыбыз барган сайын туңгуюкка такалууда. Кѳпчүлүк карапайым калктын турмушу итке минген абалда, эзилген, кайгыга баткан жашоо ѳтүүдѳ. Мындай үмүтсүз күндѳр келечекке карай сокку ура турганын тарых эчен кѳрсѳткѳн. Бир эсе «Коопсуз шаар» долбоорунун айып пулдары элдин жонунан кайыш тилип, кыжырданууну жаратып, жарылууга алып бараткан жокпу?

Аныгында, ѳкмѳт иштебей эле бир ордунда тыгылган трактордой элес калтырууда. Кѳзгѳ кѳрүнгѳн, жонтерибиз менен сезе турган ѳзгѳрүүлѳрдү тек кой, жашоону ѳзгѳртүүгѳ жол сала алган жок да. Уран чатагы сымал улам эле катачылыктарга жол берет, анан коомчулук чуру-чуу түшѳт, кайра алган багытын ѳзгѳртѳт. Катасын оңдомуш этип. Эгерде мындай ѳкмѳт менен күзгѳ жетип, элдин нааразычылыгы жаралганда отставкага кетирүүгѳ барышса, айда кеч болуп калат. «Элдин агымы сел» дейт. Кризистик кырдаалды козутууга кандай негиздер кошул-ташыл болушу мүмкүн?

Саясый куугунтук кѳргѳн лидерлердин айрымдары түрмѳдѳ отурушат, эркиндикке чыккандары адилеттүү жагдайда тебеленген укуктарын коргой алыша элек. Ал эми коррупцияга шектелген жоон топ аткаминерлердин соттук процесстери бүдѳмүк ѳтүүдѳ, кѳпчүлүк чындыкты билгиси келет.

Кадр саясатынын кадыры кеткен ж.б. Кыскасы, кѳп кѳйгѳйлѳрдү алдына алуу менен ишбилги, жаны премьер-министрдин шайланышы Кыргызстандагы стабилдүүлүктү камсыздайт. Башка жол жок.

Булак: «АЗИЯnews» гезити.№23 (310).13-июнь, 2019-жыл. 

Бөлүшүү