Бюджет 69 млн. сомго зыян тартты: «Кыргыз темир жолу» ишканасында жемкорлук аныкталды

Автор -

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасында жемкорлук аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 150 универсалдуу жарым вагонду 432 миллион сомго сатып алуу боюнча сынак өткөрүүдө мыйзам бузулган.

Жарым вагондун бир даанасын 35 миң доллардан сунуш кылган компания тандалып алынбай, 41 миң доллардан саткан ишкана жеңүүчү деп табылган. Натыйжада мамлекеттик бюджет 69 миллион сомго зыян тарткан.

Аталган факт Жазык кодексинин «Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» беренесинин негизинде каттоого алынды.

Учурда тергөөнү УКМКнын Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.