Бишкекте айдоочу 7 жаштагы кызды сүзүп, качып кетти. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июнда Бишкекте Каралаев көчөсүндө айдоочу 7 жаштагы кызды сүзүп, жол кырсыгы катталган жерден качып кеткен.
Алган жараттарынан улам С.А аттуу кыз ошол жерден жан берген.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 23 жаштагы М.И аттуу жаран кармалган.