Канжар Кадыралиевге карата кылмыш иши токтотулду

Автор -

Ош прокуратурасынын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиевге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан маалымдашты.

Кечээ Октябрь райондук соту өкүмдү чыгарды. Иш мөөнөтүнөн өтүп кеткен үчүн токтотулду.

Канжар Кадыралиев тергөө органдарынан качып жүрүп, 2015-жылы мартта өз күнөөсүн алып келген. Ал № 1 тергөө абагында отуруп, 2015-жылдын акырында үй камагына чыккан болчу.

Белгилей кетсек, 2014-жылы бир канча киши Ош прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевдин иш-аракетине карата арызданышкан. Ага карата «Пара талап кылуу», «Бейбаштык», «Өзүм билемдик» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Бөлүшүү