Казакстанда июнь айындагы нааразылык акциялары маалында төрт миңге жакын киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев билдирди.
Министр бул митингдерде полиция кызматкерлерине атайын каражаттарды колдонбоо буйругу берилгенин белгиледи.
[ads-quote-center cite=’деди Тургумбаев.’]«Ар бир полиция кызматкеринде башаламандыктарды токтотуу үчүн атайын каражаттар бар. Алар газ баллондору, союлдар. Бирок митингдерде полиция буларды колдонгон жок. Жалпысынан төрт миңге жакын киши кармалды»[/ads-quote-center]Анын айтымында, үч миңге жакын адамга протокол түзүлүп, кое берилген. 677 адам соттун чечими менен административдик камакка алынса, 305 адамга айыппул салынган.
[ads-quote-center cite=’деп кошумчалады министр.’]«Бул күндөрү жалпысынан 300дөн ашык полиция кызматкери жаракат алды. Учурда алардын алтоосу ооруканада жатат»[/ads-quote-center]9-июндан 11-июнга чейин Алматы жана Нур-Султан шаарларында шайлоого бойкот жарыялоого чакырган жана добуш берүүнүн жыйынтыктарына каршы нааразылык акциялары өткөн. Анда алар шайлоо мыйзамсыз экенин билдиришкен. Адамдарды жапырт кармоо Алматы, Нур-Султан, Актөбө жана Шымкент шаарларында кийинки күндөрү дагы уланган.
Алгач бийлик уруксат берилбеген митингдер маалында 700гө жакын киши кармалганын билдирген. Укук коргоочулар ИИМ расмий маалыматтарды азайтып айтып жатканын билдиришип, полициянын аракеттерин көз карандысыз иликтөөгө чакырышкан.
9-июнда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңишке жеткен. Ал 12-июнда ант берип, мамлекет башчысы кызматына киришкен. Батыш өлкөлөрүнөн келген байкоочулар Казакстандагы шайлоону сынга алып, бир катар мыйзам бузуулар болгонун белгилешкен.