Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган айыптар кыскартылды

Автор -

Эки күндүк иликтөөдөн соӊ, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган тогуз айып алтыга чейин кыскартылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча корутунду бере турган комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Жогорку Кеӊештин атайын комиссиясы тарабынан мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган алты айып: Бишкек ЖЭБин модернациялоо жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, Тарых музейин оӊдоодогу мыйзам бузуулар, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуу маселеси, Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына чыгарып берип, анын бир участогун өзү пайдаланышы.

Белгилей кетсек, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча корутунду бере турган комиссиянын корутундусунун долбоору Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетте каралууга тийиш.