Президент Салижан Шарипов менен жолугушту (фото)

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июнда учкуч-космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры, өлкөнүн Ош областында туулуп-өскөн Салижан Шариповду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга өз кичи Мекенине келген Салижан Шарипов менен жылуу учурашты.

Ал Кыргызстан космосту багындырган атактуу мекендешин ар дайым кубаныч менен тосуп алууга даяр экенин белгиледи.

Космонавт-учкуч Салижан Шарипов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүүсүнө болгон жардамын берүүгө даяр экенин билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү