Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты кайрадан Ташкентке келди

Автор -
Сүрөт: kapital.kz

Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа 15-июнда кайрадан Ташкентке келди. Бул тууралуу ал өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Кийинки жумада Гүлнара Каримовнын негизсиз кармалып турушун токтотуу жана аны туруктуу түрдө медициналык жардам менен камсыз кылуу үчүн кайрадан Ташкенттеги Загниата абагына барам»
деп жазды ал.

2-июнда Грегуар Манжа Гүлнара Каримова Загниата аялдар абагында кармалып турганын билдирген.

Бир нече күн мурда Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) башчысы менен башкы прокуратурасына кайрылган. Анда камактагы апасынын саламаттыгы күн сайын начарлап жатканына карабастан, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй, басым болуп жатканы жазылган.

Өткөн жумада өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул маалыматтарды четке кагып, Каримованын абалы жакшы экенин жана зарыл болсо медициналык жардам көрсөтүлө турганын билдирген.

Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылы декабрда 10 жылга соттолгон. Кылмыш иши атасынын көзү тирүүсүндө 2013-жылы козголуп, Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана офшор компанияларынын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн.

Быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги түрмөгө которулганын билдирген.

Бөлүшүү