Талас шаарында 90 жаштагы абышка дарыяга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү Кең-Арал айылындагы Талас дарыясына 1929-ж.т. С.З аттуу эркек киши чөгүп кеткен.
Ошол күнү туугандары өз алдынча издөө жүргүзүшкөн.
Ал эми 17-июнь издөө иш-чараларына КР ӨКМнен жалпы 20 куткаруучу тартылган, натыйжасында саат 16:20да маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди