Боронов эч кандай президенттин сүймөнчүгү эмес, баарын «доляга» чечип көнгөн адамбы?

Автор -
300

Өткөн сандагы жарыяланган: «Ак үйдүн сүймөнчүк кадрлары кабинеттеринде акча бөлүштүрүп жүрүшөбү?»- деген материалыбыз абдан чоӊ резонанс жаратты. Кыскача айта кетели…

«Бизге эксклюзивдүү маaлыматтар келип түштү. Өзүӊүздөр билесиздер, Кыргызстандын аймагында уран калдыктары көмүлгөн эӊ чоӊ аянттар жатат. Аларды тейлөө, жылдырбай карман турууга миллиондогон доллардык каражаттар жумшалат. Албетте, Кыргызстан кедей мамлекет болгондуктан, Буга негизинен чет өлкөлүк донорлор колдоо көрсөтүүдө. Быйылкы жылда да калдык сактоочу жайларды рекультувизациялоого онбогондой акча каражаттары каралган. Россиянын «Росатом» компаниясы дагы мамлекет аралык келишимдерге байланыштуу, быйыл биздеги калдык түйгүчтөрдүн абaлын жакшыртууга өтө көп суммадагы акча каражатын бөлгөн….Бирок, учурда Кыргыз өкмөтүндө чоӊ чыр болуп жатат. Себеби, «Росатомдун» белгилүү максат менен быйыл бөлгөн акчасы 60 миллион сом болсо, анын көп бөлүгү жок. Себеби — түшүнүктүү, жеп кетишкен имиш. Биз менен байланышкан булактын маaлыматында, 21 миллион сом акча каражаты ӨКМ министри Н.Мирзахмедовдун көзөмөлүндө 1-вице-премьер Кубатбек Бороновдун кабинетине нак барган имиш… Бул маселе боюнча журналисттик иликтөө кийинки санда жарыяланат. Бирок, өкмөткө эл ишеничин саткан, президентти уят кылган кадрлар олтурганы өкүнтөт.

Боронов тууралуу дагы кеп кызыктар айтылууда. Айтаарыбыз — президент мырза, сизди булар чын эле уят кылып, сатьш кетишти. Чара көрүш керек ээ?»- деп айттык эле. Эми бир жума ичинде бизге белгилүү болгон маалыматтарга көӊүл буралы. Кыргызстандагы Кажы-Сай, Миӊ-Куш, Майлы-Суудагы уран калдыктарын рекультувизациялоо долбоорун мамлекет аралык келишимдерге байланыштуу «Росатом» каржылап, жардам бермек. «Росатомдун» генералдык подрядчиги катары РосРАО тандалып aлынган. Каражат ушул компаниядан ӨКМдин Түндүк борборуна (СЦ МЧС) келмек. Ал аркылуу СЦ МЧС рекультувизация ишин аткаруу үчүн подрядчиктерди жалдаган: «Эрнстрой», «Альянс Экшн», «Аз и К», «Седеп-строй», «ЮГЭЛС». Бул улуттук генефондко тиешелүү маселе. Кыргыз өлкөсү өз алдынча бул ишти кыла алмак эмес. Бирок, айрым чиновниктердин бул иш боюнча текебердиги, сугалактыгы бизди таӊ калтырууда. Бул аты аталган фирмаларга СЦ МЧС орустардын акчасынан 300 миллион сомдон ашуун каражаты берүүсү бардык келишимдерде көрсөтүлөт.

Бирок, кыргызда кандай? «өйдө жактан сурап атат?»- деп фирмаларга басым көрсөтүүлөр кетет. Айла жок, бербесеӊ, ишиӊ чечилбейт! Жыйынтыгында, коррупциялык схемалар менен миллиондорду чыгара башташат. Айтып коюу керек, мыйзамда эч качан «чыгаша-кассалык ордер», «доверенность» аркылуу акча алып чыгып кетүү мындай ири мамлекеттик маселеде болушу керек эмес. Акча каражаттар мыйзамсыз ушул жол менен чыгарылгандыгын айтышууда.

Бир гана «Альянс Экшн» боюнча ошондой жол менен чыгарылып кеткен 21 миллион сом акчанын изи жок. Келишим боюнча которушмак, бирок, фирманын мурунку директору СЦ МЧС директору Жусубалиев Асылбек менен сүйлөшүп алганы үчүн бул акчалар жок, демек, уран калдыктары боюнча иш токтогон.

Элди ойлобогон кайсы безеткилер? Биз кайрылсак, баары эле жооп берүүдөн качып жатат. Себеби, ар кандай имиштер боюнча бул коррупциялык схема азыркы КР Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновго такалууда. Имиш болсо качып не кылат? Чалсак качып жатат. Дал ушул афера Бороновдун жандай кадры Асылбек Жусубалиевдин аракети менен ишке ашканын уктук. Айтып коюу керек, укук коргоо органдары биздин публикация боюнча изилдөө баштаса, көрсөтмө бере турган адамдар четтен табылат дешет… Боронов министр кезинде МЧСтин «МИ-МОсунан» да 14 миллион сомдун дайыны чыкпай кетип, ызы-чуу жүрүүдө. Асылбек Жусубалиев менен К.Боронов да ушул акчаларды «майлаганы» чынбы? Ансыз деле «бажа-гейттер» жетиштүү.

Президент элин саткан адамдарды жаман көрөт. Бул иш боюнча компетенттүү иликтөө болушу керек. Дагы көп кызыктар бар. Кийинки санды күткүлө…

Билишибизче, Бороновду баары «сүймөнчүк кадр» катары билет. Ал эч качан андай адам болгон жок.

Эртеӊки күндө Бороновдун көп сандуу байлыктарын жазабыз. Зилaлиев жолдо калат имиш….

Булак: «Майдан-пресс» гезити.№ 23 (407). 19.06.2019.

Бөлүшүү