Аида Исмаилова: Көптөгөн аткаминерлердин бизнеси мамбюджеттен уурдалган акчага түптөлөт

Автор -
257

Көптөгөн аткаминерлер мамлекеттик каражатты жеке кызыкчылыгына жумшоонун кынуусун алышкан. Алар министрликтер менен мекемелерге жетекчи болуп келери менен бюджеттик каражатты жырып алат дагы, жазага тартылбастан уурдалган акчаны уучтаган бойдон бизнеске кире качышат. Ошентип, алардын бизнеси мамлекеттик бюджеттен уурдалган акчага түптөлөт. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Андан тышкары, депутат Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик акысыз кызмат көрсөтүү чараларын стандартташбаганын баса белгиледи.

«Мындайча айтканда, ушул кезге чейин калктын калыӊ катмарына кепилденген акысыз сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлбөй келет. Муну да эстен чыгарбашыбыз керек»
деди Аида Исмаилова.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов текшерүү учурунда мындай фактылар чыгып калса, андай мекемелерге эскертүүлөр берилип жатканын, алар аны милдеттүү түрдө жоюшу керек экенин белгиледи.

«Ал эми ММКФга кайрылсак, анын бюджети өтө чоӊ – 15 млрд сомдун тегерегинде. Текшерүү учурунда 21 млн 790 миӊ сом көлөмүндөгү каржы тартибин бузуу аныкталган, азыр анын жарымынын орду толтурулду. Адатта, дары-дармектерди сатып алганда, ашыкча акча калып калат. Ошондуктан, каражатты туура бөлүүнү пландаштыруу зарыл»
деди ал.
Бөлүшүү