Жээнбеков Кыргызстанды, же Раиммиллиардды тандашы керек

Автор -
265

Эйфория жана эскилердин жолу менен….

Аскар Акаевдин 15 жылга созулган авторитардык бийлигинин түбүнѳ анын аялы Майрам Акаева, баласы Айдар Акаев, кызы Бермет Акаева жеткен. Ал эми Курманбек Бакиевдин 5 жылга жеткен бийлигинин түбүнѳ анын үй-бүлѳсү, тактап айтканда иниси Жаныш Бакиев, балдары Максим, Марат Бакиевдер жеткен.

2010-жылдан кийин Атамбаевдин да бийлигин кѳрдүк. Олку-солку, алдыга, артка кеткен кадамдары менен 6 жылдык президенттик мѳѳнѳтүнүн аягына чейин чыга алды. Жаман да, жакшы да иштердин автору болду. Бирок Атамбаевдин ѳзү ѳтѳ ишенген атка минерлери Атамбаевге да, элге да жакшылык каалашкан жок. Ѳздѳрүн гана ойлоп, ѳлкѳнүн канын сүлүк курттай соргондору кѳп болду. Айрымдары азыр араандай ачылган «аппетиттин» азабын тартып абакта жатышат.

Чынында Атамбаев ажо учурунда aлардын кыянаттык иштерин билип турса да, билмексенге салгандай түр кѳрсѳтүп туруп алды. Акыры андай кайдыгерликтин баары минтип ѳз башына чок-мордой тийе баштады. Аларга «баш оорутмайы» аз келгенсип, мураскерди «не удачный» тандап алганын айтып, дубалга башын ургулап, ѳкүнүп турат. Бул башталышы эле болуп тургансыйт. Алдыда аны дагы да оор күндѳр, оор сыноолор күтүп турганы ачыктала баштады. Себеби, аны камакка алуу аракеттери кѳрүлүп жатканы бул айтылгандарга далил болуп берет десек болчудай. Атамбаевдин мураскери болгон Сооронбай Жээнбековдун бийлик башына келгенине 1 жыл 7 ай болуп калды. Бирок ал ажо катары ушул мезгилдин ичинде Кыргыз мамлекети үчүн кандай иштерди жасады?

Деги эле анын аракеттеринен мамлекетке пайда болуп жатабы? Же ѳзүнѳн мурунку ажолордун каталарын кайталап, бийликтин кумарына батып, эйфориядан чыга албай турабы? Кептин баары мына ушул маселеде. Анткени, Жээнбеков президенттик кызматка эмес, премьер-министрлик кызматка келген учурда: «Бул кызмат менин тушүмѳ да кирген эмес эле»- деген «улуу» сѳзүн айтып, Атамбаевди укмуш касиеттүү, кѳрѳгѳч киши катары алкаганын эч ким унута элек. Анан дагынкысы дагы болду. Ошентип Жээнбеков Атамбаевдин «ахалай-махалай» сыйкыры менен премьерлик кызматтан түз эле, президенттик креслого отуруп кaлды . Анан эйфорияга ал батпаганда, ким батат? Эйфория абалынан чыгуу да оңойго турбай, ѳзүн мыкты жетекчи, дасыккан саясатчы катары кѳрсѳтѳ албай чайналып жатканы айныксыз чындыкка айланды. Президент болгондо жер-сууга батпай кубанган Жээнбековдун биринчи жарлыгы Атамбаевге КРнын Баатыры наамын берүү» болду.

Жарлыктын жарыяланганына бир жарым жылдан ашса да, жарым-жартылай эле ишке ашып, калганы «муз» болуп, тоңдурулуп турат. Кыскасы, Атамбаев бир жарым жыл мурун Жээнбековдун Кудайдан кийинки эле ыйык кишиси болсо, азыр шайтандан кийинки эле эң чон душманы болуп турат. Буга Атамбаевдин да адыраңдап кетмейлери себеп болуп жатканы байкалат…

Жети баштуу желмогузбу?

Коомчулукта алгач Сооронбай Шариповичти сопу, таза адам деп мактагандар ого эле кѳп болду. Эмичи? Барган сайын антип мактагандардын саны да азайып, элдин ишеними тѳмѳндѳп баратат. Сооронбай Жээнбеков ѳзүн тазалыкка басым жасаган  адам катары кѳрсѳткүсү келгени менен, айлана — тегерегине таза эмес, элге жек кѳрүнгѳн жексурларды топтоп алып,аларды ачыктан-ачык коргоп жатат. Кимди коргоп, кимди аппакай кылып жатканын баарыбыз жакшы билебиз.

Ажонун түз коргоосуна алынган, ажого таасири ѳтмѳ катары ѳтүп кеткен адамдын каймана аты РАИММИЛЛИОН болсо, азыр РАИММИЛЛИАРД болду. Чын эле ал РАИММИЛЛИАРД жaлгыз эмес, мамлекеттин ар тармагында «майлуу» кызматтарда олтурган агасы, ЖК депутаты Искендер Матраимов, иниси Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана да бизнесте, башка кызматта жүргѳн бир туугандары жана ѳзүнѳ кошомат кылгандары болсо миңдеп саналат.

Мына ушул «саясый фигураңар» кудум эле жомоктогу жети баштуу желмогуздун образын даана элестетип турат. Элестетмек турсун, биздин жашоодо реалдуулука айланып бараткансыйт. Жомокту окугандар жакшы билет. Жети баштуу желмогуз aлдына чыккандардын баарын эки чайнап, бир жутуп кете берет. Анан ага каршы чыккандар бир башын кыя чапса, кайра эле кыйылган баштын ордуна жаңы баш ѳсүп чыгат. Кызы талак, иттики десе…

Андай желмогуздун жети башын бирден кыя чабат дегендердин баары, ага «аюу кызматын» ѳтѳп калышты. Жер-сууга батпай, саясат айдыңында aлдынан чыккандарды, каяша кылгандарды, тузакка тарткысы келгендерди, кичине эле «ответ» бергендердин баарын ошол жети баштуу желмогуз бир заматта жемге айлантты. Ага жем болгусу келбеген, элин ойлобогон эргулдар ѳздѳрүнѳн башкаларды тамак катары салып берүү аракетин кѳрүп, жагынып, шыйпандап турушат. Азыркынын «жомогу» ушинтип уланып жатат…

Бул каарман кааласа, Кара-Сууга сасык саясатчыларды үйүрү менен айдап барат. Кааласа, ѳңгѳнү кой ѳзүн спикердин, вицелердин, ѳкмѳт башчынын, ал тургай ажонун оозу менен ѳлѳрчѳ мактатат. Укуругу узун деген укук коргоочуларыңды «оптомунан» уктатып салат. Бир сѳз менен айтканда, кыргыз саясатындагы дээрлик саясатчылар, атка минерлер анын колунда.

Президент баш болуп, калкалап жатса, башкаларга не кеп айтмакпыз. Болбосо, Кыргызстанда желмогузуң жебеген миллиондор, миллиарддар деле кaлбай, казына какшып бараткансыйт. Какшыбаса, ушунча убакыттан бери очорулган экономикабыз, кичине болсо да бой кѳтѳрбѳйт беле. Жыйынтыктап айтканда, Жээнбеков президент катары Кыргызстанды, же болбосо ушул Раиммиллиардды биротоло тандашы керек. Ооба, Раиммиллиарддын Жээнбековго эмгеги укмуш ѳткѳн деп айтып жатышат. Ѳтсѳ, ал эмгеги ѳзү үчүн, ѳлкѳ үчүн эмес.

Демек, ажо жеке кызыкчылыктын курмандыгына айланбашы зарыл. Раиммиллиард кыргыз саясатында бул темп менен жүрүш жасап олтурса, акыры ажонун ѳзүн деле жутуп- жеп койбойт деп ким кепилдик берет. Албетте, эч ким кепилдик бере албайт. Жээнбеков Акаевдин, Бакиевдин түбүнѳ кимдер жеткенин, кыргыз эли мынчалык кордукка чыдабай турганын эзели унутпашы абзел. Болбосо, боло келчү тѳңкѳрүш  дейбизби, революция дейбизби, айтор дагы да болуп кетет. Эски бийликтин тушундагы жети баштуу желмогуздардын башын карапайым эл ѳзү кыя чаап келген. Бул ирет да калк кылычын кынынан сууруганга аз калды…

Булак: «Багыт.kg» №22 (143), шаршемби,19-июнь, 2019-жылы.

Бөлүшүү