Орусиядан Өзбекстанга «жүк-200» бекер жеткириле баштайт

Автор -
270

Өзбек өкмөтү Орусиядан «жүк-200дү» алып келүүгө кеткен чыгымдарды толугу менен өзүнө алат. Бул тууралуу 18-июнда Өзбекстандын эмгек министри Шерзод Кудбиев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын жарандары үчүн «жүк-200дү» алып келүү кыйла жеңилдейт.

«Эгер буга чейин патенттин, салыктарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөктүн көчүрмөсү сыяктуу документтер талап кылынып келсе, эми аларды сурабайбыз. Мындан тышкары бардык «жүк-200дүн» чыгымдарын мамлекет өзүнө алат»
деди министр.

Кудбиева министрлик ошондой эле Орусиянын түрдүү аймактарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборлордо жашап жаткан өзбек жарандарын мекенине алып келүүгө даяр экенин кошумчалады.

Бөлүшүү