— Мирлан мырза, спикер бѳжѳңдѳп, Атамбаев беш миңдей адам алып, нааразылыкка чыкканы жатканын айтты. Абал курчушу мүмкүнбү?
— «Саясый абал курчуйт» деген ар кайсы ушактарга маани бербешибиз керек. Маалымат каражаттары туура иликтеп, тактап, анан маалымат таратышы абзел. А эгер митинг-пикеттер жѳнүндѳ кеп болуп жаткан болсо, анда андан коркууга,кооптонууга негиз жок. Анткени, бул конституциялык укуктардын бири. Тынчтык митинги ѳзүнүн саясый кѳз карашын белгилеген маанайда ѳтсѳ, ким болбосун, экс-президентпи, саясый партиялар болобу, коомдук ишмерлерби, ар кимисинин укугу бар.
— Туруктуулукту бузууга кооптондурбайбы?
— Тынчтык митингдер эч кандай дестабилизацияга алып келбейт. Эгер башынан ѳлкѳдѳ туруксуздукту орнотуу тилеги болуп келгендер болсо, алардыкы башка кеп. Ал эми тынчтык митингдер, тескерисинче, саясый атаандаштуулукка себепчи болот:,
— Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси парламент жайкы эс алууга тараганга чейин ишке ашабы?
— Депутаттык комиссиянын чечими комитеттерде каралды. Бул аптада же наркы аптада Жогорку Кеңештин кароосуна алынып чыгат.
— «Ушул жумада каралат» деген маалыматтар бар го?
— Шаршемби күнкү күн тартибине кирген жок. «Бейшембидеги күн тартибине кирет» деп айтылууда.
— «Атамбаев июль айынын башында камалат» деген маалыматтар тарап жатат…
— Бул маселенин мыйзамга ылайык тартиби белгиленген. Тартип боюнча, Жогорку Кеңеш кол тийбестик макамын алгандан кийин башкы прокуратура тергѳѳ жүргүзѳт. Башкы прокуратура «кылмыш курамы бар» дегенден кийин Жогорку Кеңеш бүтүм алып туруп, анан жоопкерчиликке тартылат.
— Сиз комитет жыйынында сүйлѳп жатып, «Атамбаевди макамдан ажыратуу тууралуу маселени жыйынга алып чыкпаш керек болчу» дедиңиз, эмнеге?
— Мен айтып коюшум керек. Биз тарыхый документ кабыл алып жатабыз. Демек, ал дыкаттык менен кабыл алынышы зарыл. Биз мурунку президенттердин бийлигинин учурундагыдан айырмаланып, жаңы бийликтин жалпы белгиленген принциптерине ылайык иш алып барышыбыз, эки күн, бир аптада эле айыптоодон алыс болушубуз керек. Бул жерде биз бир эле кылмыштарды эмес, саясый баа берип жатабыз. Депутаттар талкуулаганда,узурпацияны да талкууладык. Узурпациянын негиздемеси политологияда, укук саясатында башкача белгиленген. Бийлик бутактарында ѳзүм билемдик кылып, каалаганын кылса да ал фактылар менен белгилениш керек. Кайсы сотторду мажбурлаган, кайсы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарына кийлигишкен, Жогорку Кеңештин кайсы укуктарына кийлигишкендиги так кѳрсѳтүлүүсү шарт. Мен жыйында ошолорду сурадым. «Алар барбы, болобу же болбойбу?» деп.
— Сиз шек санап атасызбы?
— Мен Атамбаевдин бийликти узурпациялдоого катыштыгы сѳзсүз бар деп эсептейм. Анын бийлигинин каталарын биз ѳз убагында деле айтып чыкканбыз. Бирок, азыркы шартта фактылар менен кѳрсѳтүлүүсү керек да. Анткени, бул бир гана кылмышка айыптоо эмес, тарыхый документ болуп калат. Ошол себептен, баары эл ынана тургандай болуш керек. Эки күндѳ, бир аптада айыптарды үймѳлѳп салсак, тарых алдында уят болобуз.
— Бабанов менен сүйлѳшүп жатасыздарбы, ал ѳлкѳдѳгү абал боюнча эмне деп жатат? А ѳзү качан келет?
— Албетте, Ѳмүрбек Токтогулович менен кабарлашып, сүйлѳшүп турабыз. Ал баарынан кабардар. Ѳзү жакында келет. Ѳз ѳлкѳсү, ѳз эл-жери, сѳзсүз келет.
Булак: «Азия news» гезити. 20-июнь, 2019-жыл.