ЖКда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын маалыматы угулууда (Видео)

Автор -

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтомдун долбоору каралып жатат. Адегенде Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы угулду.

Баяндамачы мыйзам талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратылгандан кийин гана жазык жоопкерчилигине тартылыш мүмкүн. Адегенде мына ушул маселенин башын ачып алуу зарыл.

«Атайын комиссия негизинен Конституция баш болгон 5 ченемдик укук актысына таянып иш жүргүздү. Комиссиянын корутундусуна 11 депутат кол койду. Ошондон улам, Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору иштелип чыгып, тармактык комитет парламенттин кароосуна алып чыгып отурат»
деди Каныбек Иманалиев.

Депутаттык атайын комиссиянын төрт жыйыны өткөрүлүп, адегенде экс-президент Алмазбек Атамбаевге адегенде тогуз айып тагылганы, бирок иликтөө жыйынтыгында ал алтыга чейин кыскартылганы белгилүү болду.

Ошентип, экс-президентке мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алганы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, ТЭЦке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алышы боюнча айып тагылууда. Ушундан улам, комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча шектелүүгө негиз бар деген жыйынтыкка келген.

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтомдун долбоорун талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

«Дүйнөнүн тарыхында 20 өлкөнүн экс-президенти жоопко тартылыптыр. Мурдагы өлкө башчыны жоопко тартуу процедурасынын эң оору бизде экен. 8 тосмодон өтүшүбүз керек экен: демилге тобунун каты, тиешелүү комитеттин корутундусу, Жогорку Кеңештин чечими, депутаттык комиссиянын иши, эки комитетте кароо, кайра парламентте кароо, Башкы прокуратурага жөнөтүү, парламентте кайра кароо, эки комитетте кароо жана парламентте добуш берүү»
деди Иманалиев.

Бөлүшүү