Путин 17-жолу түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берүүдө (Видео)

Автор -

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн түз эфир аркылуу өлкө жашоочуларынын суроолоруна жооп берип жатат.

Бул анын мамлекет башчы катары 12чи жолку калк менен түз байланышы. Мындан тышкары Путин дагы беш жолу премьер-министр катары жарандардын суроолоруна түз эфирде жооп берген.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, түз эфирге бир күн калганда аларга миллиондон ашык суроо келип түшкөн. Быйыл бул сан эки жарым миллионго жеткен. Кремль кайрылуулардын аздыгын ысык аба ырайы менен түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, мамлекет башчыга жолдонгон суроолордун көбү турак жай, коммуналдык чарба, кичи жана орто бизнес, билим берүү, экология көйгөйлөрү жана калкты дары-дармек менен камсыз кылуу темаларына байланыштуу.

Москва облусундагы Фрязино шаарынын тургундары Путинге быйыл ар кайсы тилде кайрылышкан.

«Орусча кайрылуудан майнап чыкпайт, муну чиновниктер менен эки жылдык жазышууларыбыз ырастайт»
деп билдиришти шаар активсттери.

Бөлүшүү