“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Раиммиллион тууралуу жарыяланган иликтөөгө расмий билдирүүү таратты.
Билдирүүнү өзгөртүүсүз беребиз.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта. ‘] «Урматтуу журналисттер! Сиздерди бекеринен төртүнчү бийлик бутагы деп атабайт. Өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маалымат коопсуздугу боюнча Сиздерде да жоопкерчилик бар.Бүгүнкү күндө Биз, Массалык маалымат каражаттары жана жалпы эл мамлекетти өнүктүрүүнүн, күчөтүүнүн ордуна, тескерисинче, менин байкоом боюнча, жалган жалаа, кара пиар, фейк, хайп, троллдорду өндүргөн өлкө болуп калдык. Бири-бирин социалдык тармактарда каралап, кадыр-баркын кетирип, ушактаган виртуалдык коомго айлана баштадык. Өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча сунуш талаптарыңыздар, Өкмөттүн чечим кабыл алуусуна таасир этип жатат. Ал эми эл болсо, Сиздердин пикириңиздерге байланып калды. Өлкөдөгү Сиздерге болгон жакшы мамилени жоготуп албаңыздар.
Ошол эле мезгилде, жалган тастыкталбаган маалымат тараткан учурда жоопкерчилик да болуш керек.
Мисалы, Азаттык 700 млн. доллар акча сыртка чыгып кетти деп иликтөө жасады. Кийин 5-каналдын иликтөөсүн көрүп, ача пикир туулду. Азаттыктын журналисти бул материалды тактабай, жасалма документтерге таянып, чыгарганбы — деген ой коомчулуктун терең катмарында пайда болду. Менде да Азаттыктын иликтөөсүндө кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы деген күмөн жаралды. Буга чейин мен Азаттыкка абдан ишенчүмүн.
Анда келгиле, Кыргызстандагы бизнесмендер банктан чыгарган акчалардын баарын текшерип чыгалы. Өлкөгө зыян болуп калбасын.
Маалыматтарды чагылдырууда, маалымат булагынын, ким бергенин такташ керек (балким ал интерполдо издөөдө жүргөн, же мошенник, же өлкөгө залакасы тийген адам болушу мүмкүн).
Журналистерден чыккан маалыматтарды, күч органдары шалаакы мамиле жасабай, ыкчам түрдө текшерип, элге ачык, так бергенде, эл ичинде күмөн ойлор жаралбайт болчу.
Эгерде өлкөдө криминалдык, интригалык, саясий туруксуздук темасындагы жаңылыктар канчалык көп жарыяланса, анда бизге келчү инвестициянын, финансынын, туристтердин саны кыскарат. Бул мамлекеттин экономикасына, элдин жашоо турмушуна залакасын тийгизет деп ойлоймун» [/ads-quote-center]