Таабалды Тиллаев: Кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн купуя сырлар ачыкка чыгып кетүүдө

Автор -
350

Инвесторлордун укугун коргоо өлкөнүн экономикалык саясатынын негизи болуп саналат. Бирок, банк аркылуу акча которгон жарандардын банктык купуя сырлары ачыкка чыгып кетип жаткандыктан, азыр инвесторлор чочулап турат. Мындай абал экономиканын өнүгүшү терс таасирин тийгизүүдө. Минитип отурсак бизге кайсы инвесторлор келет? Ошондуктан, Өкмөт бул багытта тийиштүү чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

[ads-quote-center cite=’деп, депутат Өкмөт өлкө аймагында мыйзамдуу иштеп жаткан инвесторлорду колдоо жана алардын укугун коргоо жаатында тезинен тийиштүү иш-чараларды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш экенин кошумчалады.’]«Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, инвестиция тартуусуз экономиканын өнүгүшү кыйын. Ушу тапта банк иштеринин купуялуугу боюнча мыйзам жоболору сакталбай, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн кайсы адам кайсыл банктан канча акча которгону тууралуу купуя сырлар ачыкка чыгып кетүүдө. Ошондон улам, ички инвесторлор да, тышкы инвесторлор да чочулап турат. Мында абал жакшылыктын жышааны эмес»[/ads-quote-center]