Аида Саляновадан ыдык кѳргѳн коррупционерлер ѳч алыштыбы?

Автор -

Экс-башкы прокурор Аида Салянованын камалышы бир ууч регионалист коррупционерлердин чырагына май тамызганын кантип жашырабыз? Убагында ошол уурулар мамлекетти талап-тоногону үчүн айыпталганы, аягында түрмѳгѳ тыгылышып, бирок кѳп узабай кутулуп кетишкени ѳкүнүчтүү.

«Коррупциянын символдору» ѳз баштары менен кетсин! Ал эми Аида Салянова «Вор в законе» Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгарылышына айыпталып, камакка алынды. Учурда ооруканада жүрѳгүн дарылатууда. Эң кызыгы, коомчулукта Салянованын камалышы — кечээ андан ыдык кѳргѳн коррупционерлердин ѳч алуусу, алардын таасири артканы катары бааланууда.

Аида айым саясаттын курмандыгы болуп калганы эл ичинде айтыла баштады. Айтмакчы, азыр ооруканада дарыланып жаткан экс-башкы прокурор кайрадан №1 СИЗОго которулса, ал жактан кылмыш дүйнѳсүнүн ѳкүлдѳрү «сүйлѳшүү» үчүн алакандарын ушалап отурушабы?

Түнкүсүн темир эшиктер шарак-шурак эте ачылып, бука моюн, буура сандар кирип келишип, зыян кылып коюшпайбы? Бул ѳтѳ коркунучтуу суроо!

Булак: «Азия news» гезити. 20-июнь, 2019-жыл.