Түштүк-Фергана каналына 2 адам түшүп кетти

Автор -

Араван районунда 20-июнь күнү саат 13:50 чамасында  Нур-Абад айыл аймагынын  Кайрагач-Арык айылындагы Түштүк-Фергана каналына 2 адам (1 эркек жана 1 аял) сууга түшүп кеткен.

Жеринде издөө ишин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Араван райондук №64 Өрт-куткаруу бөлүмунөн 15 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу, жалпы ӨКМден 22 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер  тарылган, бирок табылган жок.

Мындан сырткары КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан Өзбек Республикасынын ӨКМне издөө иштерине жардам көрсөтүү жөнүндөгү кат жолдонгон.

Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү