«Социалдык фонддун Сузак району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары өзүнүн кабинетинде пенсионерден 10 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды»
деп билдирди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы.
Маалыматка ылайык, ал пенсия чегерүү үчүн документтерди жасоо үчүн акча сураган. Ал жалпы 22 миң сом талап кылган. Кармалган учурга чейин ал 13 миң сом алган.
Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 21-июнда сот анын бөгөт коюу чарасын карайт.