Кѳчмѳндѳр оюндарын Тaлас облусунда ѳткѳрүү керектигин азыркы бийлик чечип берди. Бирок, мындай чечимди жактырбай тургандар кепти башка нукка бурушту. Маселен, миллиондогон каражатты талаага чачпай, ошол кѳлѳмдѳгү акчаны тѳѳ буурчакты иштетүүчү завод курса миң эсе пайда бербейби?
Эки сааттык шаан-шѳкѳттѳн не пайда тапмак элек? Эми ушул пикириме каршы чыккандар сѳзсүз болот. Оюн, күлкүнү жактыргандар улуттук баалуулуктарга эмне үчүн каршылык кѳрсѳтѳсүң деп капталдан чыгышаары айныксыз. Бирок, бул менин жеке пикирим.
Мага кошулгандар деле болоруна шек санабайм. Келгиле, каражатты керектүү ишке чегeрүүнү үйрѳнѳлү.
Эгер мүйүз чыкса бизге чыкмак? Ансыз деле той-тамашалардан жадап бүттүк го дейм?
Булак: «Ачык сөз» гезити. 20-июнь, 2019-жыл.