Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды

Автор -
355

Бүгүн Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 16-сентябрда улуттук ат оюндары башталат. Ал эми 19-сентябрдан тарта маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Анын алкагында өлкөнүн 7 облус, 2 шаарынан катышуучулар келип, өз аймактарынын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшөт.

Улуттук көчмөндөр оюнунун өзгөчөлүгү катары кыз-келиндердин боз үйдү тез чечүү сынагы болмокчу.

«Жалпысынан 4 күнгө созулган иш-чарада ар бир облус 7ден үй тигишет. Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү – Райкан Алканов атындагы ипподромдо өтөт» деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү