УКМКнын камагында жаткам Манас Арабаев тергѳѳ менен жең ичинен иштешип, Атамбаевге карата бир топ «компроматтарды» божурап атканы каңкууланды.
Андан да кызыгы, алдастаган Арабаев бар амалын кѳргѳнү, Раиса Атамбаевага да каршы кѳрсѳтмѳлѳрдү берип атканы ыраспы?
Сыягы, оңду-солду буйдалап, эптеп эле эркиндикке чыгып кетүүгѳ жанталашып атса керек. Мурдагы режим тушунда бул эргул кылгылыкты кылып, Алмаз Маткасымовду сотторго жиберүү менен мыйзамсыз чечимдерди,саясый куугунтуктарды жүзѳгѳ ашыруунун «дирижеру» болгонун кайда жашырабыз?
Азырынча коомчулукка жарыяланбаган да кылмыштары айтылууда…
Булак: «Азия news» гезити. 20-июнь, 2019-жыл.