Раиса Атамбаевага да кылмыш иши козголууда (Видео)

Автор -
372

Раиса Атамбаевага да кылмыш иши козголууда. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жубайы УКМК имаратынын алдында билдирди.

Маалым болгондой ага, Манас Арабаевдин иши боюнча кылмыш иши козголууда.

«Манас Арабаевди Алмазбек Атамбаевдин командасында болгону үчүн тааныйт болчум. Мен саясатка аралашпаганга аракет кылчуумун. Мен кайсы сот кайда жайгашканын да билбейм. Бүгүн болсо мага да кылмыш иши козголгону жатат»
дейт Атамбаева.

Эскерте кетсек, учурда УКМКда Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү