Кудайбердиева деген куураткырды иштен алууга эч кимдин алы жетпей койду

Автор -
477

Билим жана Илим министри Кудайбердиева деген куураткырды иштен алууга эч кимдин алы жетпей койду. Буга чейин анын кетирген кемчиликтери,каталары, шакмарлары тууралуу канча жолу айтылды, жазылды. Жыйынтык жок. Анын бир-эки ката болсо эч нерсе болбойт дегени, жаӊы окуу куралдарын басып чыгуудагы мыйзам бузуулары ачыка чыкты.

Сөгүш алды. Жылыш жок. Мына эми быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн Аттестатынын ички тиркемесин ашкере кыргызчалап, «н» тамгасын «ӊ» кылып, басышыптыр. Мурдагы жылы болсо «АТТЕСТАТЫСЫ3 ЖАРАКСЫЗ» дегендин «СЫЗ» дегени жок басылып, ал чыр да эч кимдин жоопкерчилигисиз аяктаган болчу…

Деги бул Кудайбердиева деген ким өзү? Кудайдын эркесиби?

Булак: «Факты.kg» №25(25). 25-июнь, 2019-жыл.

Бөлүшүү