Алмазбек Атамбаевдин ишине байланыштуу Конституциялык палатага арыз жазылды

Автор -

Жогорку Кеңештеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) фракциясынын айрым депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу парламенттин токтомун жокко чыгарууну өтүнүп Конституциялык палатага кайрылышты. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Арызга депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Карамат Орозова жана партиянын юристи Нурбек Касымбеков кол койгон.

Атамбаевди жоопко тартуу үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарды.

Конституциялык палатага жолдонгон арызда комиссиянын түзүлүшү Баш мыйзамга каршы экени жазылган.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Парламенттин токтомун 100 депутат колдогон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү