Билим берүү жана илим министрине сөгүш жарыяланды

Автор -
686

Бүгүн, 15-февралда өкмөттүн жыйыны болуп өттү. Аталган жыйында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен анын орун басары Надира Жусупбековага сөгүш жарыяланды.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпы билим берүү уюмдары үчүн басылып чыккан окуу китептеринин сапаты жана анда кетирилген каталарды айтып чыкты.

Белгилей кетсек, кечээ Сооронбай Жээнбеков Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алганда окуу китептерин басып чыгарууга системдүү мамиле керектигин айткан. Окуу китептерин иштеп чыгуу, басып чыгаруу, таратуу үчүн сапатын көзөмөлдөө, белгиленген стандарттарды жана процедураларды сактоо, бюджеттик жана донорлук акча каражаттарын колдонуу алдын ала пландалып, ишке ашуусу керек.

Мамлекет башчысы окуу китептерин басып чыгарууда  коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу зарылдыгын белгилеген.

Президент Кудайбердиева менен өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесин талкуулады

Бөлүшүү