Бишкекте 12 жана 14 жаштагы эже-сиңдилер дайынсыз жоголду

Автор -

Бишкекте 25-июнда 12 жаштагы Полина жана 14 жаштагы Раиса Пистерлер дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жоголгон кыздардын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Учурда активдүү түрдө издөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү