Абылгазиев  бажасы үчүн жоопкерчилик тартат…

Автор -

«КТ Мобайл» компаниясы боюнча түзүлгѳн убактылуу депутаттык комиссия ишинин корутундусун чыгарды. Комиссия май айында «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен  «КТ Мобайлга» 345 миллион сом бѳлүүнүн мыйзамдуулугyн иликтѳѳ максатында түзүлгѳн.

КТ Мобайлдын» жетекчилеринин чоң суммада айлык алышы, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы, «Ачык ѳкмѳт» улуттук форумунун ошол кездеги катчысы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар компаниянын директорунун орун басары болуп иштегени ачыкка чыгып сынга алынган. 17-майда компаниянын директору Нурбек Мукамбетов менен анын орун басарлары иштен кеткени белгилүү болгон. Иманкадыр Рысалиев уулу 30-майда беш айда алган маянасын кайтарганын, анын суммасы 787 620 сомду түзгѳнүн жарыялаган.

Комиссия «Альфа телеком» ЖАКтын ишмердигине бажасы Иманкадыр Рысалиевдин тикелей кийлигишкендиги аныкталгандыктан премьер-министр Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилигин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун тѳрагасы Ренат Түлѳбердиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин директору Нурлан Смановдун жоопкерчилигин кароо керектигин белгиледи.

Булак: «Фабула» гезити. 28-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү