Азыркы ызы-чууну Атамбаев эмес, Жээнбеков ѳз парламенти менен баштады

Автор -
795

Кечээ парламентте экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу  боюнча маселе каралып жатканда «Асылбек Жээнбековдун сүймѳнүктѳрүнүн бири» деп тар чѳйрѳдѳ айтыла калып жүргѳн, бир кезде ошол эле Атамбаевдин амири менен депутат болгон Жогорку Кеңештин учурдагы вице-спикери Аида Касымалиева «Атамбаев элди түндүк-түштүк деп бѳлүп жатат» деп экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийлик менен тирешүүдѳгү аракеттерин сындай калам деп, башкачараак ѳңүттѳ айтканда бирѳѳнү сындырам деп ѳзү сынып калгандай абалда калды окшойт.

Ошол замат парламенттин экс-вице-спикери депутат Асел Кодурановадан катуу кагуу жеп, демейде айрым иштерде кайра каяша пикирин билдире калган  Касымалиева карындашыбыз тым-тырс болуп эле үн-сѳзсүз отуруп калды.

А чынында парламенттин бийик аянтчасын пайдалануу менен «түндүк-түштүк маселесин болгондо да Жогорку Кеңештин тѳрдѳ отурган вице-спикеринин оозунан ошондой маанайдагы пикири абдан эле жагымсыз кѳрүнүп калды.

Кѳп ѳтпѳй Касымалиеванын ошондой сѳздѳрүнѳ карата КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчѳсү Фарид Ниязов: «Түндүк-түштүк суроосун Жээнбековго коюш керек. Ал президент жана ал элдин биримдиги үчүн жооптуу. Бул анын түздѳн-түз милдети. Азыркы ызычууну Атамбаев эмес, Жээнбеков ѳз парламенти менен баштады. Мыйзамсыздыкты депутаттар жасап жатышат. Алар элди эмне үчүн бѳлүп жатышат?» деген пикирин билдирди.

Булак: «Айгай» гезити. 28-июнь, 2019-жыл.