Бишкекте дүкөндөн 90 миң сом уурдоого шектелген жаран кармалды

Автор -

Бишкекте дүкөндөн 90 миң сом уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБга Х.М. аттуу жаран арыз жазып кайрылып, белгисиз адамдар 24-июнь күнү болжол менен саат 05:00дө Бишкектин Элебесов көчөсүндө орун алган дүкөнгө кирип, монитор жана 90 миң сом уурдап кетишкенин айткан.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Уурдоо» беренеси боюнча катталган.

Аталган кылмышка шектүү катары 31 жаштагы П.К., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Бөлүшүү