Бурятияда жүргүнчү учак кырсыктап, 46 адам жабыркады (Видео)

Автор -

Орусиянын Бурятия Республикасынын Нижнеангарск аэропортунда Ан-24 жүргүнчү учагы авариялык конуу маалында кырсыктап, андан эки киши каза тапты.

Борттогу 46 кишинин жарымына жакыны жабыркады. «Ангара» аба компаниясына таандык экени айтылган бул учак Улан-Удэ шаарынан Нижнеангарскка учуп келе жаткан.

Алдын-ала маалыматка ылайык, асманда учактын бир кыймылдаткычы иштебей калган. Натыйжада учак Нижнеангарск аэропортуна конуп жатканда тилкеден чыгып кетип, жакынкы объектилерге урунуп, өрттөнө баштаган.

Курман болгон эки адам учкучтар экени белгилүү болду. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Азырынча «Ангара» компаниясы кырсык боюнча маалымат бере элек. Орус медиасы кабарлагандай, Ан-24 учагы 1977-жылы чыгарылган. 2013-жылдан бери «Ангара» компаниясы иштетип жаткан.